Башкы бетке Министрлер кабинети Бишкектин четиндеги 300 га жерди мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды

Бишкектин четиндеги 300 га жерди мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды

0
391

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплексти мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Айыл чарба жерлери, өндүрүштүк жана социалдык объектилер кирген “Ала-Тоо” винсовхозунун мүлкүн менчиктештирүүнүн алкагында айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен Ю.Б. К.нын менчигине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бишкек шаарынын четиндеги 300 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Аныкталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ю.Ч.К. жана Ю.Б. К. үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү кармалып, камакка алынды. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратуу жана ээлеп алуу фактыларына тиешеси бар башка адамдар аныкталат.

 

Мурунку макалаПрезидент Садыр Жапаров расмий сапары менен Берлинге барды
Кийинки макала30-ноябрь айрым мамлекеттик органдар үчүн иш күнү деп жарыяланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз