Башкы бетке Экономика Улуттук банк валюта рыногунан 48,1 млн. доллар сатып алды

Улуттук банк валюта рыногунан 48,1 млн. доллар сатып алды

0
570
Roll of hundred dollar bill on dollar bills background.

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-июлда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 48 млн. 100 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 20 млн. доллар жана бүтүмдүн датасынан башка дагы 21,1 млн. доллар сатып алган.

Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 12-интервенция.

Азыркы учурда доллардын расмий курсу төмөндөп жатат, 30-июлга карата 1 доллар — 84 сом 3 тыйын, ал эми евро — 91 сом 2 тыйынды түзүүдө.

Мурунку макалаА.Касымалиев Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жолугушууларды өткөрөт
Кийинки макалаКазакстанга өрүктү кантип экспорттоого болот? Министрликтин жообу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз