Башкы бетке Рубрикасы жок “Айымдардын ден соолугу” бир айлыгында 760 миңден ашуун аял медициналык кароодон өттү

“Айымдардын ден соолугу” бир айлыгында 760 миңден ашуун аял медициналык кароодон өттү

0
453

Кыргызстанда “Айымдардын ден соолугу!” бир айлыгынын алкагында 760 миңден ашуун аял медициналык кароодон өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, республикалык бир айлык октябрь айында уюштурулду. “Айымдардын ден соолугу!” республикалык бир айлыгында медициналык мекемелерине катталган жалпы аялдардын 50%ы дарыгерлерге кайрылышкан.

 

Анда 45 миңге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды, 10 миң аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле 5 600дөн ашуун аялда кант диабетинин жогорку коркунучу байкалды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип саламаттык сактоо системасынын үчүнчү деңгээлине жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, бир айлык “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракесине катышты
Кийинки макалаБыйыл Кыргызстан тоок жумурткасы менен өзүн толук камсыздай алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз