Башкы бетке Коом Д.Кендирбаева Өзбекстанда өтүп жаткан ректорлордун II форумуна катышты

Д.Кендирбаева Өзбекстанда өтүп жаткан ректорлордун II форумуна катышты

0
966

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум 16-17-июлунда Самарканд шаарында өтүүдө.

Курамына алдыңкы ЖОЖдордун ректорлору кирген Кыргызстандын делегациясын министр Догдуркүл Кендирбаева жетектеп барды.

Иш-чарада эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланууда.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ректорлорунун I эл аралык форуму өткөн.

Мурунку макалаСел агызып кеткен жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды
Кийинки макалаУКМК Ташиевдин атын жамынган блогерлер жөнүндө эскертти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз