Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти

Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти

0
524

Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.

Мурунку макалаЫсык-Көлдө шамал электр станциясы курулат
Кийинки макалаАстанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи көрүүчүлөрсүз өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз