Башкы бетке Министрлер кабинети Сел агызып кеткен жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды

Сел агызып кеткен жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды

0
1067

Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандан табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Б.А. аттуу жарандын сөөгүн Анжияндагы сайдан табылганын, аны өзбек куткаруучулары кыргыз тараптын суранычы менен издегенин билдирди.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ак-Буура суусу ташып Ош шаарын каптаган. Натыйжада ташкын суу беш адамды агызып кеткен. Алардын төртөөнүн сөөгүн куткаруучулар буга чейин тапкан. Ал эми борбордук базардан суу алып кеткен аял изделип жаткан болчу.

Мурунку макалаПрезидент селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн билдирди
Кийинки макалаД.Кендирбаева Өзбекстанда өтүп жаткан ректорлордун II форумуна катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз