Башкы бетке Коом Улуу Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

0
1607

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-апрелинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү орун алып, анын алкагында кыргыз-британиялык кызматташтыгынын келечеги жана перспективалары кеңири талкууланат.

Ошондой эле, Лорд Кэмерондун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.

Мурунку макалаАкылбек Жапаровдун АКШнын бир катар шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады
Кийинки макалаКыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусун багындырышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз