Башкы бетке Коом Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусун багындырышты

0
1625

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусун багындырышты. Бул тууралуу социалдык тармактагы барачасында Альпинизм федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, алар менен Евразиядан биринчи жолу азиз адам аталган чокуга чыккан.

«Чокуну багындырдык! 21-апрелде саат 7.00дө беш катышуучудан турган Кыргызстандын командасы альпинисттик жана татаал Лобуче чокусуна ийгиликтүү чыкты! Арабызда мыкты пара-атлетчи, эмгек сиңирген спорт чебери дагы бар эле! Бүткүл кең Евразия боюнча бул тик чокуга чыга алган биринчи азиз адам! Бир аз чарчадык. Эртең чоо-жайы тууралуу маалымат берилет. Мен балдар менен сыймыктанам жана аларды укмуштуудай чокуларга алып баруу мен үчүн сыймык!» — деп жазган Эдуард Кубатов.

 

 

Мурунку макалаУлуу Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
Кийинки макалаПрезидент Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамга кол койду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз