Башкы бетке Экономика Кыргызстанда 6 айда 59 млрд. сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулган

Кыргызстанда 6 айда 59 млрд. сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулган

0
1488

Кыргызстанда 6 айда 59 млрд. сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд. сомго көп.

“2024-жылдын январь-июнь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 58 млрд. 100 млн. сом болору белгиленген. 6 айда Мамлекеттик бажы кызматы 59 млрд. 619,3 млн. сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады. Муну менен болжолдуу көрсөткүч 102,6%га аткарылып, 1 млрд. 519,2 млн. сомго көп чогултулду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млрд. 822,3 млн. сомго көп чогултулду же өсүү темпи 122,2%ды түздү”, — деди Самат Исабеков.

Мурунку макалаЖыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулган
Кийинки макалаСокулукта мектеп-лицейдин 500 орундуу кошумча корпусу курулууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз