Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Түмөнбаев Бишкектеги май куюучу жайларды шаардан чыгарууну сунуштады

Акылбек Түмөнбаев Бишкектеги май куюучу жайларды шаардан чыгарууну сунуштады

0
2111

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Бишкектеги май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгарууну сунуштады.

Эл өкүлү бул боюнча токтом же мыйзам кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

«Бишкекте 96 май куюучу жай бар. Административдик-аймактык реформа аяктагандан кийин 126 май куюучу жай болот. Ошолорду шаардын сыртына чыгаралы. Ошондо аба таза болуп, ден соолукка зыян келтирбейт«, — деди эл өкүлү.

Маселе боюнча тиешелүү комитеттерге протоколдук тапшырма жөнөтүлдү.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров район акимдерин кабыл алды
Кийинки макалаЭтникалык кыргыздар үчүн курулуп жаткан үйлөрдө кемчиликтер аныкталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз