Башкы бетке Илим Олимпиада: Бүгүн Акжол Махмудов күрөшөт, атаандашы ким?

Олимпиада: Бүгүн Акжол Махмудов күрөшөт, атаандашы ким?

0
451

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов таймашка чыгат.

Махмудов 77 кг салмакта күрөшөт. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде америкалык Камал Бей менен күч сынаша турган болду. Беттештер саат 15:00до башталат.

Камал Бей — Акжол Махмудовдун эски атаандаштарынын бири. Буга чейин алар жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында эки жолу күрөшкөн. Биринчи беттеш 2017-жылы финалда болуп, анда Акжол Махмудов 11:16 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. Алтын үчүн беттешке чыгып жатканда Махмудовдун кабыргасында жаракаты болгон. Ал жаракатты жарым финалда алып калган.

Экинчи беттеш да жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында 2018-жылы болуп, бул жолу спортчулар коло үчүн күч сынашкан. Анда Махмудов Камал Бейди 8:1 эсебинде жеңген.

Эми Париждеги Олимпиадада балбандар үчүнчү ирет кез келет.

Мурунку макалаЖоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт
Кийинки макалаБүгүнкү доллардын курсу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз