Башкы бетке Маданият Бишкекте төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт

Бишкекте төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт

0
590

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта төкмө акындардын XVII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынан билдиришти.

Эл аралык айтыш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналат.

Айтыштын байге фонду 3 млн. сомду түзөт. Тандоо туру 12-августда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрынын залында өтмөкчү.

Мурунку макалаТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,8 млрд. куб метрди түздү
Кийинки макалаЫсык-Көл облусундагы соцобъекттердин курулушунун жүрүшү текшерилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз