Башкы бетке Дүйнө Россиянын Волгоград облусунда поезд кырсыкка учурады

Россиянын Волгоград облусунда поезд кырсыкка учурады

0
1861

Россиянын Волгоград облусунда поезд кырсыкка учурап, сегиз вагон рельстен чыгып кетти.

ТАСС маалымдагандай, учурда жабыркагандардын саны такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына жол кырсыгы себеп болгон. Анда “Камаз” унаасы темир жолго чыгып кетип, поезд менен кагылышкан.

“Жол кырсыгынын кесепетинен Казан – Адлер каттамы боюнча бараткан поезддин сегиз вагону рельстен чыгып кеткен. Жабыркагандар бар”, – деп билдирген укук коргоо органдарынан.

Кырсык катталган жерде бардык тез жардам кызматтары иштеп жатат. Жабыркагандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, айрымдары ооруканага жеткирилүүдө.

Мурунку макалаУлуттук банк комбанктын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди жактырды
Кийинки макалаЧүй облусунун жол тескөөчүлөрү наристенин өмүрүн сактап калышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз