Башкы бетке Дүйнө Россиянын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген фатваны артка кайтарып алды

Россиянын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген фатваны артка кайтарып алды

0
59

Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны артка кайтарып алды.

Мындай чечим Башкы прокуратуранын чакырыгы жана Россия коомчулугунун реакциясынан улам кабыл алынган.

Буга чейин РФтин Башкы прокуратурасы фатва салттуу орус руханий-адептик баалуулуктарын сактоо жана чыңдоодо мамлекеттик үй-бүлөлүк саясаттын мыйзамдарына жана принциптерине каршы келерин билдирген.

Эскерте кетсек, эки күн мурун Россиянын мусулмандарынын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген.

Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей (тең) мамиле кылган учурда төрт никеге чейин кыйдырууга макул болгон эле.

Мурунку макалаТүркияда тез жардамдын тик учагы кулап, 4 адам каза болду
Кийинки макалаБишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз