Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров «Ынтымак Ордодо» биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

Акылбек Жапаров «Ынтымак Ордодо» биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

0
482

Президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды.

«Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Мурунку макалаЖети адамдын өмүрүн алган авто кырсык катталды
Кийинки макалаКөк-Жар айылында жаңы бала бакча ишке берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз