Башкы бетке Коом Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

0
516

Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, илимий мекеме курулгандан бери бир да жолу ремонттолгон эмес.

“Учурда объекттин жарымынан көбүндө инженердик-коммуникациялык иштер ишке ашып, эшиктер, терезелер, паркеттер алмаштырылып, ички бөлмөлөр жана чатыр оңдолуп жатат”, — деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев Улуттук илимдер академиясынын имаратынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы башталганын, азыр анын биринчи этабы аяктап жатканын белгиледи.

“Имаратта суу түтүгү, канализация, жылытуу системасы, чатыр, фасад оңдолуп, терезелер калыбына келтирилди. Лифттер алмаштырылып, заманбап өрт өчүрүү жана муздатуу системалары орнотулууда”, — деп айтты Туманбаев.

Белгилей кетсек, Улуттук илимдер академиясындагы капиталдык оңдоп-түзөө иштери президенттин тапшырмасы менен аткарылууда.

Мурунку макалаЧүй облусунун жол тескөөчүлөрү наристенин өмүрүн сактап калышты
Кийинки макалаБүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз