Башкы бетке Илим Бүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат

Бүгүн Денис Петрашов 200 метрлик жарышка чыгат

0
505

Бүгүн, 30-июлда Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарышка чыгат. 200 метрди суучул брасс ыкмасы менен сүзөт.

Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышат. Алар 4 топко бөлүндү. Петрашов үчүнчү жарышта күчүн сынайт.

Сууда сүзүү боюнча беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:51де башталат.

Денис Петрашов 27-июлда 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес. Бүгүн суучулдун медаль үчүн дагы бир мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Мурунку макалаУлуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
Кийинки макалаӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз