Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, келишим “Чакан ГЭС” ААКсы менен “Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому” ЖЧК ортосунда түзүлдү. Инвестициялык долбоордун көлөмү 27 млн. доллар.


