Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров футбол курамасын жеңиши менен куттуктады

Садыр Жапаров футбол курамасын жеңиши менен куттуктады

0
679

Президент Садыр Жапаров 26-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстандын жана Кытайдын Тайбэй улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды. Бул жөнүндө өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Оюн 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнчуларды колдоо үчүн 13 миңден ашык күйөрман келди.

Оюн аяктагандан кийин Садыр Жапаров футбол курамасынын кийим алмаштыруучу бөлмөсүнө барып, ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Мурунку макала28-марттан тарта карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт
Кийинки макалаСуу таппай карайлаган Кара-Булуңдан ким кабар алат?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз