Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Бишкектеги жарнамалык такталарды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды

Садыр Жапаров Бишкектеги жарнамалык такталарды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды

0
1048

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED-экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин ирээтке келтиргиле!

Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым”, – деп жазды өлкө башчысы.

Мурунку макалаБишкек мэриясынын аппарат жетекчиси алмашты
Кийинки макала“Бишкекжарык” ишканасы айдоочуларды ишке чакырат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз