Башкы бетке Рубрикасы жок Транспорт министри Баткендеги жол оңдоо иштерин текшерди

Транспорт министри Баткендеги жол оңдоо иштерин текшерди

0
409

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевдин Баткен облусуна жасаган жумуш сапары Кара-Жантак жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерүү менен баштады.

Жолдун 3 чакырымына асфальт төшөө каралган. Министр пландалган бардык жумуштарды 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал Кан-Бор-Балык унаа жолунун планга кирген 5 чакырым аралыгын асфальттоо жумуштарын 10-сентябрга чейин аяктоо талабын койду.

Абсаттар Сыргабаев Баткен – Кара-Бак – Чоң-Талаа, Баткен – Боз-Адыр (асфальт төшөө иштери жүрүүдө, жалпы 7 чакырым) жана Айгүл-Таш – Согмент – Таян, Бужум –Баткен– Исфара унаа жолдорун көрүп, 2024-жылдын планына кирген жумуштарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү жана колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен иш ыргагын ыкчамдатууну тапшырды.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кийинки макалаӨрт коопсуздугун сактабаган компаниянын лицензиясы токтотулду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз