Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү

0
514

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Япониянын түштүк-батышында жакында болгон жер титирөөгө байланыштуу жапон элине колдоо сөздөрүн билдирди.

Алар кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, ошондой эле эки тараптуу жана регионалдык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Өз кезегинде Фумио Кисида Япония Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого берилгендигин айтты.

Мурунку макала“Эркин Тоо” жана кыргыз маданияты
Кийинки макалаТранспорт министри Баткендеги жол оңдоо иштерин текшерди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз