Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды

Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды

0
941

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австриянын Вена шаарына барды.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.

Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мурунку макалаПрезидент: «Финансы министрлигинин иши өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуулугуна оң таасирин тийгизди»
Кийинки макалаСадыр Жапаров 2010-жылдагы июнь трагедиясынын 14 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз