Башкы бетке Коом Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси алмашты

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси алмашты

0
1146

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сагынбаев Канат Латипжанович ротация менен Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Буга чейин ал президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Бишкек шаарынын мэриясынын азыркы аппарат жетекчиси Исаков Миргазы Маратович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Мурунку макалаМамлекеттик ипотекалык компанияга Темиркул Балтабаев төрага болуп келди
Кийинки макалаСадыр Жапаров Бишкектеги жарнамалык такталарды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз