Башкы бетке Рубрикасы жок Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

0
253

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. 

Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Мурунку макалаМамлекеттик катчы окуучуларга ачык сабак өттү
Кийинки макалаНарай айылындагы бала бакчанын курулушу 70 пайызга бүткөрүлдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз