Башкы бетке Рубрикасы жок Нарай айылындагы бала бакчанын курулушу 70 пайызга бүткөрүлдү

Нарай айылындагы бала бакчанын курулушу 70 пайызга бүткөрүлдү

0
349

Ноокат районунун Нарай айылындагы «Жаш-Жеткинчек» атындагы бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, бала бакча 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен курула баштаган. Долбоор боюнча 100 орунга ылайыкталган жана эки кабаттан турат. Заманбап шартта, топтук таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кир жуучу бөлмөсү, ажаткана куруу каралган. Объекттин жалпы аянты 602 чарчы метрди түзөт.

Учурда бала бакчанын курулуш-монтаждоо жумуштары 70% аткарылды.

Белгилей кетсек, бала бакчанын эски имараты 1969-жылы курулган.

Мурунку макалаПрезидент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды
Кийинки макала2025-жылы Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз