Башкы бетке Рубрикасы жок Н.Шакиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды

Н.Шакиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды

0
1377

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды.

“Келечек ээлеринин саламаттыгы баарынан кымбат. Андыктан, балдардын катышуусундагы иш чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Көңүл кош жасалган мамиленин кесепети оор болорун Сузактагы окуя анык көрсөттү”, – деди төрага.

Андан тышкары, жабыркаган ар бир бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, бардык тиешелүү медициналык жардамдар берилиши керектигин айткан Нурланбек Шакиев жасалып жаткан иштер боюнча оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдон маалымат алды.

Балдардын тез арада сакайып кетишин тилеген Нурланбек Шакиев төраганын резервдик фондунан да каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардын ону Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда.

Мурунку макалаКыргызстанда байланыш кызматкерлеринин күнү — сандар жана фактылар
Кийинки макалаАзиз Биймырза уулу: “Манас” театрынын акыбетин өнөр менен кайтарабыз”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз