Легендарлуу парламенттин депутаты, КР Улуттук илимдер академиясынын
академиги Жамин АКИМАЛИЕВДИН куттуктоосу.
Туңгуч гезитибиздин 100 жылдык салтанаты – бул журналисттердин гана эмес жалпы кыргыз элинин олуттуу майрамы. Анткен себеби, Кыргызстандын мамлекеттүү болушу жана анын бир кылым мезгилиндеги өркүндөп өсүшү – “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) аркылуу толугу менен чагылдырып келди.
Бул жагынан алганда улуттук гезитибиздин аткарган жумушу ат көтөргүс. Буга байланыштуу бир эле мисал келтирейин. 1958-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен «Советтик Кыргызстан» гезити Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Опера жана балет театрында өткөн салтанаттуу аземге менин да катышып калган жайым бар. Андагы Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Исхак Раззаковдун сүйлөгөн сөзү тим эле укмуш болгон. Адатынча бир дагы кагаз карабай идеологияга токтолуп, гезиттин орчундуу ролун айтып, «…Гезит окубаган киши жуунбаган кишидей. Тазарбайт. Агарбайт. Жан-дүйнөсү жаркыбайт. Караңгы бойдон калат» деген болучу, кайран киши. Мындай ташка тамга баскандай айтылган сөздөрдүн мааниси азыркы заманга деле туура келет.
Гезитти дайыма окуу адамдын сабаттуу жана маданияттуу болушуна, анын көз карашынын тереңдешине алып келет. Ошондуктан, интернет жана санариптештирүү өөрчүп турган мезгилде деле биздин бийлик гезиттердин кеңейишине жана алардын туруктуу чыгып турушуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Азыркы учурда маданиятка жана адабиятка, билимге жана илимге, деги эле жалпы социалдык тармакка миллиарддаган каражаттар бөлүнүүдө. Муну биз кубаттайбыз.
Ушундай эле мамлекеттик камкордук гезиттерге дагы көрүлүшү керек. Себеби, алар Президенттин ички жана тышкы саясатын элге жеткирип, анын ийгиликтүү ишке ашышын камсыз кылууда. Башкача айтканда, биздин гезиттер толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланышы абзел.
Улуттук туңгуч гезитибиздин бир кылымдык тою майлуу-сүттүү болсун! Биздин басма сөзүбүз гүлдөп-жайнап, күн сайын чыгып турсун!


