И. Р. РАЗЗАКОВ, Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин биринчи секретары
«Советтик Кыргызстандын» он миңинчи номеринин чыгышы биздин республикабыздын коомдук-саясий жана маданий турмушундагы көрүнүктүү окуя, Кыргызстандын бүткүл советтик басма сөзүнүн чоң майрамы.
«Советтик Кыргызстан» газетасы да калктын арасында сабатсыздыкты жана чала сабаттуулукту жоюу, кыргыздын улуттук адабиятын түзүү жана өнүктүрүү сыяктуу милдеттерди чечүүдө зор роль ойноду. «Советтик Кыргызстандын» редакциясынын чөйрөсүндө, журналисттик иште республиканын көрүнүктүү көп жазуучулары өсүп чыгышты. Газета адабияттын жана искусствонун көп сандаган улуттук кадрларын тарбиялоого жана өстүрүүгө Кыргызстандын партиялык уюмуна жардам берди.
«Советтик Кыргызстан» менен бирге биздин республикабыздын бүткүл басма сөзү аябай өскөндүгүн белгилөө кубанычтуу.
(1958-жылы “Советтик Кыргызстан” гезитине Эмгек Кызыл Туу орденин тапшырууда сүйлөгөн сөзүнөн)
Учурган уям “Кызыл Кыргызстан”
Абдырасул ТОКТОМУШЕВ, Кыргыз ССРинин эл акыны
Ошол жылдар оор жылдар эле. Газетанын алдында турган милдеттер ар түркүн, ардактуу жана оор… Сабатсыздыкка, кыз сатуучулукка каршы күрөшүү, тап күрөшү, эл массасына партиянын саясатын, чечимдерин туура жеткирүү, агитациялык пропаганда иштерин жүргүзүү менен уюштуруучулук иштерин да чечкиндүү аткарган партиянын курч куралы, турмуш күзгүсү болуп кызмат өтөгөн ушул “Кызыл Кыргызстандын” аппаратында иштегеним үчүн дайым сыймыктанам.
Мен иштеп жүргөн жылдары газетаны үзгүлтүксүз, убагында чыгаруу да кээде кыйынчылыкка учурар эле. Арип кол менен терилет, кыргыз терүүчүлөрү жетишпейт, типография азыркыдай эмес. Кээде газета чыгарабыз деп түнөп калган учурларда катуу кыйналабыз. Башыбызга подшивка (тиркелген газеталарды) жазданып, чарчап уктап калган күндөрдө Страдубова деген санитарка кемпир келип ойготот.
Көркөм айтканда: мени окуткан мугалимим, үйрөткөн устатым, таптаган мүнүшкөрүм, канатымды жетилтип поэзия асманына учурган уям “Кызыл Кыргызстан!”.
Эстен кеткис кубанычым
Касымалы ЖАНТӨШЕВ, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу
Газета кармаган колум ысыйт… Кокус бирөө жула качабы деген кооп менен газетаны койнума катып алып, өзүм үйрөнүшкөн “Кауфман багына” карай жөнөдүм.
…Узун сөздүн кереги эмне? “Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары бириккиле” дегенден тартып, төртүнчү беттин аягындагы тиражы, заказ номери канча экендигине чейин окуп, түштө бүттүм.
“Мен бактылуумун!… Менин атам Жантөш эмес, анын түпкү аталары мындай чоң газета тургай, бир барак катты да өз тилинде өздөрү окуй алышпаган. А мен ушундай чоң газетанын төрт бетинен бир тамга калтырбай окуп чыктым” деп ойлогонумда алдыма ай, артыма күн туугандай кубанып, окууга кире албай жүргөн кайгымы такыр унуттум.
Мен Ташкенттен Ошко педагогикалык курска бардым. Кийинки жылы Пишпектеги Кыргызстан Борбордук Педагогия Техникумуна кирдим. Эң туңгуч басма адабиятыбыз “Эркин Тоо” газетасы бизди жумурткадан чайкап, балапан кылып учуруп, Түгөлбай экөөбүздү жазуучу болуубузга чоң жардам берди.
Бул менин чоң кубанычым! Эстен кеткис кубанычым!
(“Советтик Кыргызстан” 15-август, 1958-жыл)
Сенсиң менин газетам
Көз ачып сени көргөмүн,
Көркүңө көңүл бөлгөмүн.
Жарыгың тийип баштагам,
Жазуунун кеште өрмөгүн.
Кубантып өзүң, күлгөмүн,
Ным жетип сенден бүрдөдүм.
Сөз курчуп сенден үйрөндүм,
Соболом өсүп күн көрдүм.
Өргө чап, алга жүр дедиң,
Эмгекке жеңди түр дедиң.
Эл үчүн жашап,
Эл уулу,
Татыктуу өмүр сүр дедиң.
Сен айткан жолго киргемин,
Сени менен биргемин.
Өзүңдөн калпып алынган,
Менин бардык билгеним.
Кайрат бердиң басканда,
Көмөктөш болдуң жазганда.
Канаты болуп ырымдын,
Учурдуң алыс, асманга!
Калганча калбай көздөрүм,
Бүткөнчө айтчу сөздөрүм,
Көргөнчө балам үстөлдөн,
Чырагым жанбай өчкөнүн.
Жазганым жазган сага мен,
Чарчабаска сөз берем, –
Элдик сүйүү сезими,
Чыгат оргуп тереңден!
Көз ачып сенден көргөмүн,
Компартия өрнөгүн.
Ошол күндөн бул күнгө,
Ал көрсөткөн төрдөмүн.
Төрдөн таңшып ыр жазам,
Жүрөк күүсүн жаратам.
Жаза түш деп сураган,
Сенсиң менин газетам!
Темиркул ҮМӨТАЛИЕВ
Куттуктайт кубанычтан кабарчылар
Эрдигиң “Эркин Тоо” –деп канат кагып,
Көзүңө өчпөс каухар шамын жагып.
Миң жылдар күткөн элек Ала-Тоодо,
Жаркырап чыга келдиң болуп жарык.
Он миң жолу аттадың андан бери,
Жеңиштин кубанычтын күүсүн чалып.
Сени карайт өз бетин өзү көрөт,
Калың журт кабагы ачык гүл-гүл жанып.
Кыргыздын сайрап турган кызыл тили,
Куттуктайт кубанычтан кабарчылар,
Чырпыгың чынар болуп жеткен күнү.
Райкан ШҮКҮРБЕКОВ
Унутпаймын
Так ушу сен канатысың ырымдын,
Так ушу сен сүрөөнчүсү сырымдын ,
Сен аркылуу үнүм чыкты шаңкылдап,
Сен аркылуу жер-жерлерге угулдум.
Ырым чыкса өптүм сенин бетиңди,
Ар бир тамгаң тиктеп менин көзүмдү,
Келечекке чакыргандай күлүңдөп,
Жарык кылды, жалындатты сезимди.
Баатыр болгон ар бир адам ишинде,
Байкап көрсөң тарых турат изинде.
Көз кубаты далай жолу сүртүлүп,
Калган болчу тамгасынын ичинде.
Бактылуумун, сага жазар кебим бар,
Бактылуумун – мени өстүргөн элим бар.
Газета ал, шумдуктай күч эмеспи,
Спутниктин дүбүртүнө барабар.
Насирдин БАЙТЕМИРОВ
Туңгуч басма
“Эркин Тоо” жаным сүйүп эстейм сени,
Жоголгон тууган тилди сенден таптым.
Жаркылдап барагыңдан элестеди,
Мен үчүн – болочоктон күткөн бактым.
Эң обол сен аркылуу алдым билим,
Атыңдан айланайын эне тилим!
Жаралдың октябрдын шооласынан,
Жашай бер, жер жүзүнө дайым билин!
Эне тил
Көз ачып, эне сүтүн эмген тилим,
Жүрөктөн элге кабар берген тилим!
Ата-эне, Ата конуш деген сөзгө
Эзелден, эс тарткандан келген тилим.
Акылды айлым эңсеп турган кезде,
Ошондо сен “Эркин Тоо” бердиң билим!
Кубанычбек МАЛИКОВ, (1939-жыл, 22-ноябрь “Кызыл Кыргызстан”)
Даярдаган: Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”


