Башкы бетке Экономика Быйыл Кыргызстан 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду

Быйыл Кыргызстан 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду

0
440

Кыргызстан 2024-жылдын башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттогон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет сегиз айдын жыйынтыгы боюнча маалыматтында айтылат.

Ведомствонун маалыматына караганда, январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга (55 миллиард 847,9 миллион сомго) 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон. Өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.

Негизги жеткирүүлөр:

Улуу Британия — 5 тонна 891,1 килограмм;

Гонконг (Кытай Эл Республикасынын өзгөчө административдик аймагы) — 1 тонна 848,5 килограмм;

Швейцария — 971,5 килограмм;

БАЭ — 13,5 килограмм.

Белгилей кетсек, 18-октябрда алтындын баасы унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, муну менен тарыхый максимумун жаңырткан. Дүйнөдө алтындын спот базарында баасы биринчи жолу унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, бир жума ичинде 2,3 пайызга өстү.

Мурунку макалаТүндө Алайда жер титиреди
Кийинки макалаКамчыбек Ташиев Катардын коргоо министри менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз