Башкы бетке Коом Бишкектеги №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат

Бишкектеги №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат

0
1745

Бишкекте бүгүндөн тарта №216 маршрутканын ордуна автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот. Алардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылган.

Белгилей кетсек, учурда Кытай өлкөсүнөн алынган  автобустардын экинчи партиясы келип жатат.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Бишкектин тургундарын шаар күнү менен куттуктады
Кийинки макалаБишкектин Көлмө конушунда китепкана курулууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз