Башкы бетке Рубрикасы жок 9 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилди

9 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилди

0
1293

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-майда 9 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалымат ылайык, анын ичинен Ош шаарында жаңы курулуп бүткөн Исхак Раззаков атындагы 720 орундуу мектеп-гимназиясы президент Садыр Жапаров жана Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин катышуусунда ачылды.

Иш-чарада Нурдан Орунтаев мектептер боюнча баяндама берди.

Ал эми калган 10 мектептин ачылышына президент онлайн катышты:

1. Бишкек шаарынын Нижняя Ала-Арча айыл аймагындагы 375 орундуу кошумча корпусу;
2. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеби;
3. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеби;
4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылындагы 150 орундуу мектеби;
5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеби;
6. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы 450 орундуу мектеби;
7. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеби;
8. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №7 120 орундуу бала бакчасы;
9. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №12 120 орундуу бала бакчасы;
10. Ош облусунун Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеби.

Мурунку макалаЛейлек районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Кийинки макалаОшто Барак эксклавынын жашоочулары үчүн жаңы айыл түптөлөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз