Башкы бетке Рубрикасы жок Табигый кырсыктарды алдын ала эскертүүчү метеорологиялык станция ачылды

Табигый кырсыктарды алдын ала эскертүүчү метеорологиялык станция ачылды

0
127

Баткен облусунун Фергана өрөөнүн климаттык тобокелдиктерден жана жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында алдын ала эскертүүчү метеорологиялык станция ачылды.

Бул метеостанция аймакта ишке киргизүү пландалган төрт метеостанциянын бири. Жакынкы арада мындай станциялар Барпы, Жаңы-Ноокат жана Орозбеков айылдарында пилоттук негизде иштей баштайт.

Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция жаратылыш кырсыктарына байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтарды өз убагында чогултууга жана талдоо жүргүзүүгө, болжолдоолорду жакшыртууга жана ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, ушул жылдын жай мезгилинде орун алган суу ташкындарынан кийин, алдын ала сигнал бере турган, эскертүү системаларын күчөтүү зарылдыгын көрсөткөн.

 

Мурунку макала2024-жылдын 11 айында өлкөнүн ИДПсы 9% өстү – Акылбек Жапаров
Кийинки макалаАкылбек Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз