Башкы бетке Коом Сүйүнбек Касмамбетов иш сапары менен Чикаго шаарына барды

Сүйүнбек Касмамбетов иш сапары менен Чикаго шаарына барды

0
1500

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов иш сапары менен Чикаго шаарына барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрдү.

Ошондой эле «Kyrg Demy» кыргыз исскусство академиясынын салтанаттуу ачылышына катышуусу мамлекеттик катчынын иш сапарынын маанилүү окуясы болду. Аталган академиянын иши кыргыз искусствосун жана маданиятын жайылтууга багытталган жаңы демилге.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышты.

 

Мурунку макалаШабдан Баатыр көчөсүндөгү тротуар оңдолууда
Кийинки макалаСадыр Жапаров уран темасына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз