Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Корея президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты

Садыр Жапаров Корея президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты

0
21

Президент Садыр Жапаров Boeing 737 жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Кореянын президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты.

“2024-жылдын 29-декабрында Кореянын Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Мурунку макалаКазакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке алып келинди
Кийинки макалаЧакан жана орто бизнес үчүн ЭТТК колдонулбайт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз