Башкы бетке Коом Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке алып келинди

Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке алып келинди

0
87

 Казакстандын Актау шаарындагы авиакырсыктан жабыркаган 3 жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды алып келе жаткан учак Бишкек шаарынын «Манас» эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду.

«Алар тез жардам аркылуу Бишкектеги улуттук ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-декабрда Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы Орусияга конуу аракети ишке ашпай калгандан кийин шашылыш учуп бараткан Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны бар.

Мурунку макалаПрезидент Садыр Жапаров абактагылар ур-токмокко алынды деген кептер боюнча “Кабар” агенттигине маек берди
Кийинки макалаСадыр Жапаров Корея президентинин милдеттерин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз