Башкы бетке Коом Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Суктандырган Султан Ибраимов”

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Суктандырган Султан Ибраимов”

0
390

(Башталышы өткөн санда)

Биз жарым ай даярдандык. Жерди айдай турган турган күнүбүздө Корчубек Акназаров райондун агрономдорун, механизаторлорун, дыйкандарын, жетекчилерин түгөлү менен чогултуп, өзү башында турду. Адегенде жыйналыш кылып, буудайдын түшүмүн көбөйтпөсө болбой тургандыгын, жерге илимий мамиле кылуунун зарылдыгын, ошону көрсөтүп бергенге атайын адистер келгенин айтып өттү. «Аны бул өзүңөрдүн кулунуңар көрсөтүп берет, Жамин Акималиевге сөз берейин»,– деди. Мен бир аз сүйлөп, эми ишти практика жүзүндө көрсөтөйүн дедим, 20 гектар жер алганбыз. Ошону айдаттык. Анан кыртыштын кандай тереңдикте айдалышынан тартып, кандай малалап, тегиздеп, кандай себилишинен өйдө көрсөттүк. Ошол кезде үрөндү да, жер семирткичти да бир убакта эле сээп кеткен атайын техника (сеялка) чыгып калган. Райондо бирөө бар экен, ошону менен гектарына азот, фосфор, калийдин ар бирин канча өлчөмдө берүү керектигин да көрсөтүп бердик. Ошондогу элдин улуу-кичүү дебей техниканын артынан жүгүрүп, улам токтотуп, улам тиги кандай, бу кандай деп түшүнбөгөнүн тактап турушкандары мени аябай кубанткан. Бир жагынан мен, бир жеринде инженерим айтып, көргөзүп, түшүндүрүп жүрүп, 20 гектар жерди бир күндө эле айдатып салдык. Буркураган максым, нан дегендей уюштуруп коюшкан экен, андан ичип алып, кечке Биринчи секретарь баш болуп талаада жүрдүк.

Корчубек Акназаров согушка катышып келген, абдан уюштургуч, талаачылыкка ынтызар адам экен. Эл менен кошо өзү да аралашып, талаа кечип жүрдү. Баарын бүтүргөндөн кийин биз кайттык. Кайтаарда эки жолу сугарып коюу керектигин айтып жөнөп кеттим. Анан эмне болду дебейсиздерби? Жылда Ак-Талаанын шартында буудайдан гектарына 12 центнерден алып жүрүшсө, ошол эле жерден 30 центнерден түшүм алышыптыр. Кийин жолуксам, кошуп жазып жатасыңар деп айрым жетекчилер ишенишпей, адегенде кайра-кайра килге тартышканын Корчубек Акназаров айтты. Ал кезде көз боёмочулукту катуу карашчу. Акназаров «ишенбесеңер, мына» деп баарын кампага алпарып көргөзүптүр. Анан ошол жерге баягыдай механизатор, дыйкан, чарба жетекчилерин кайра чогултуп, «мына, илим деген ушундай болот, көрдүңөрбү түшүмдү, мындан ары жерге ушундай мамиле кылышыбыз керек. Бул ЦКнын жана окумуштуулардын бизге көрсөткөн жардамы» деп атайын жыйналыш өткөрүптүр.

Ошону менен Корчубек Акназаров арадан 4 жыл өтүп-өтпөй Ак-Талаа району боюнча 32 центнерден түшүм алганга жетишти. Бу киши буудай-арпа быякта калып, Ак-Талаага жүгөрү да өстүргөн. Бир сөз менен айтканда, Ак-Талааны көк талаа кылып Баба дыйкан аталган. Мээнети кайтып, Социалисттик Эмгектик Баатыры болду. Бул кишинин артыкчылыгы райкомдун айрым жетекчилериндей жасай бер деп басып кетпей, дыйканчылыктагы илимге маани бергенинде эле. Баягы кант кызылчасынын жайын эч уялбай адис катары менден сурап-билип алган Турдакун Усубалиевдей болуп, Акназаров да мага тимеле жабышып калган. Мунун себебин ошол муундагы жетекчилердин адистин кеп-кеңешине, илимге маани бергендигинде деп түшүнөмүн.

Султан Ибраимов менен Ак-Талаада

Ошондон бир жыл өтпөй Султан Ибраимов Ак-Талаага бара турганын айтып, мени да жүр деди. Эмне кылганыңды көрөлү деп калды. Бирок, чет-жакасын уккан экен. Кадимкидей аралашып калган кезибиз. «Чогуу менин машинам менен кетебиз», – деди эле, «Өзүм Ак-Талаалык болсом, мурдараак барып сизди тосуп алайын» десем, макул болду. Эртерээк барып Корчубек Акназаровго жолугуп, Куланактан тосуп алдык. Ал кезде Ак-Талаада ылайыктуу деле мейманкана жок эле. Корчубек Акназаров Султан Ибраимовду үйүнө алпарып коноктоду. Ал кишинин аялы колу берекелүү, пейили төгүлгөн мыкты киши болчу, жадырап-жайнап тосуп алды. Короосунда помидор-бадыраң дегендей түркүн жер-жемиштерди өстүрүп коюптур, тимеле көз кубанат. Акназаров козу сойдуруп кымыз алдырып койгон экен. Жайнаган дасторкон. Султан Ибраимов ичкилик ичпейт экен. Үй ээси Акназаров айтса да, мен өтүнсөм да албады. Өзү бакылдап көңүлдүү отурду. Эт келгенде, ЦКнын секретары оңойбу, Акназаров экөөбүз туурап кирдик эле, Султан Ибраимов «туурабай эле койгула, мындай эле жеп алабыз», – деди. Акназаров «кой болбойт, туурайлы» деп болбоду. Анан этти туураганыбызды карап отуруп: «Ой, силердин колуңар тим эле ат чапкандай кетет го», – деди Султан Ибраимович. Мен этти туураганда бычакты кыймылдатпай, тескерисинче этти бычакка карай кыймылдатканда майда болоорун, ал үчүн тез кыймылдаш керектигин айтып берсем, «Оо, ошондой технологиясы барбы» деп күлүп, майда тууралган бешбармактан барбайган колу менен алып жакшы жеди. «Анык бешбармак силерде турбайбы» деп ыраазы боло бакылдай сүйлөп отурган эле кайран киши.

Нарын дарыясын бөгөгөн аска таш

Эртеси Султан Ибраимович Ак-Талаанын районунун талаачылыгы менен таанышып чыгып абдан ыраазы болду. «Мен туура багыт берген экемин. Бул тажрыйбаны жайылтпасак болбойт. Нарындын шартында малга эле карап отурбай, талаачылыкка да көңүл буралы. Мен башка райондорго да айтам» деп калды. Айта кетүүчү нерсе, кийинки жылы С. Ибраимов мени ушундай эле тапшырма менен Тогуз-Торо районуна да жиберген. Ал кезде Тогуз-Торого самолет менен каттачу. Ошол самолет менен барып-келип жүрүп Ак-Талаада өткөргөндөй семинар өткөргөмүн.

Султан Ибраимов талаачылык менен бир сыйра таанышып бүткөндөн кийин кайта турган болуп калды. «Эми кайтайын. Бирок, бир иш бар, ошону көрө кетпесем болбойт. Мына бул Тогуз-Торо районуна жол каттамы алыс болуп, эл кыйналып, район өнүкпөй жатат. Ак-Талаадан ары Үгүт-Казарман жолун салсак, мындан ары болгону 50 километр болуп калчудай экен. Азыркы Дөрбөлжүн-Макмал-Казарман жолу 200 километр экен. Ошол жолду башташыптыр, бирок жардырылган аска таш Нарын дарыясын бөгөп калып, эми элди каптачудай болуп турат. Ошону көрүшүм керек», – деди.

«Жылуу-Суу» жылас болуптур

Көргөнү жөнөдүк. Чыны менен ошол жол бүтсө Үгүткө эң эле жакын болуп калмак. Анткени, Үгүт дагы, Казарман дагы Нарын суусунун жээгинен орун алышкан. Климаты бирдей. Үгүткө дарбыз өстүрсө да болот. Ал эми Казарманга пахта айдаган учурлар да болгон… Биз Ала-Бугадан өтүп Жылуу-Сууга жакындадык. Жылуу-Суу демекчи, атына жараша ал жерден ысык суу чыгат. Суусу көбүнчө муун ооруларына дары болгондуктан ал жерге фин үйлөрү коюлуп, баргандар ошондо жатышчу. Мен бала кезде атам да көп баргандыктан ал жерди көрүп эле жүрчүмүн. Атам бутунун оорусун кызыл жүгүрүк  деп койчу. Кийин билсем ревматизм экен. Атам Жылуу-Сууга барып, ысык суусуна бутун салып отурса бир топ жакшы болуп калар эле. Ал жерде Калпанын бейити бар дешип сыйынгандар да боло турган. Баламын да, атам менен барып түнөп калганда, түн ичинде бабырган бакырса, эсим чыга турган.

Ошентип, Султан Ибраимов менен бирге ошол Жылуу-Сууга жеткенибизде, мына кызык тамаша, Нарындын суусу баягы Жылуу-Сууну каптап кетиптир. Фин үйлөрүнүн чатырлары эле көрүнүп, баары суунун алдында калыптыр. Жолду суу жайпап машина өтө алчудай эмес. Токтоп калдык. Ал жакка баралбайт окшойбуз деп айта баштадык.

Аңгыча Султан Ибраимов «жок, барышым керек» деп эле машинадан түшө калып, таштан-ташка текедей секирип, баягы барчу жакка жөө жөнөсө болобу. Бутуна резина өтүк кийип алган. Аттап-буттап, бир далай узап кетти. «ЦКнын секретары өзү тигинтип суу кечип барам деп жүрсө, артынан барбасак уят» деп К. Акназаров экөөбүз суудан чыгып калган таштарды, дөң жерлерди басып, эптеп жол таап артынан бардык.

Үчөөбүз дагы жыйырма мүнөттөй тоо этектей басып Нарын дарыясы күркүрөп агып жаткан капчыгайдын кууш жерине чейин жеттик. Салына турган жолдун нугу көрүнүп турат. Карасак, жардырганда килейген аска таш майдаланып кетпей бүтүн бойдон кулап, суунун дал ортосуна барып түшүп, Нарын дарыясын бөгөп калыптыр. Суу тирелип жээкти каптай баштаптыр. Анан Султан Ибраимов бир топко карап, ойлонуп туруп буларды айтты.

Ал сүйлөп мамлекеттик маселени чечип атат, биз угуп турабыз:

«Менин оюмча бул жолду уланта албайт окшойбуз. Бүт эле зоо турбайбы. Улантсак дагы таш кулап, дарыяны таптаза бөгөп калса кантебиз? Анын үстүнө көп каражат жумшалчудай… Азыр суу кире элек. Кирсе биринчи кезекте силердин Үгүтүңөрдү каптайт. Мына Жылуу-Сууңарды жылас кылыптыр. Андан ары Ак-Тал менен Куланакты каптайт. Андыктан мынабу сууну бөгөп калган ташты жаткан жеринде майдалап жардырып жок кылуу керек. Бүттү! Жолду экинчи вариант боюнча салабыз!» – деди.

Көрсө, Кара-Көө ашуусу аркылуу кеткен жолдун долбоору бар экен. Ошону менен ал жол салынбай, жол кийинки долбоор боюнча Кара-Көө ашуусу аркылуу салынып калды. Баягы лакыйган таштарды көп өтпөй жардырып, Нарын дарыясын өз нугуна салышты. С. Ибраимов ошону жеринен барып көрөйүн, туура чечейин деп барган экен. Дагы айтайын, ошол кендирди кескен аска-зоонун айынан кыска жол болсо деген С. Ибраимовдун тилеги ишке ашпай, жол аргасыздан Кара-Көө ашуусу аркылуу салынып калган.

Жалал-Абаддан Казарманга салынган жол

Султан Ибраимов бул тилегин эч качан калтырган эмес. Ал 1968-жылы Ош обкомуна биринчи секретарь болуп барып, он жыл иштеп Ошту гүлдөткөн. Ошто иштеп жүргөндө, көңүлүнөн чыкпаса керек, Жалал-Абаддан Тараң-Базар-Көк-Арт аркылуу Казарманды көздөй жол салдырган. Ат минип алып, жанына жол инженерин кошо ала жүрүп, «мындай салалы» деп эле, эч кандай атайын долбоор түздүрүп отурбай салдырып койгон. Ал жол албетте, кышкысын кыйын, бирок, жайында эл жеңил машина менен каттап калышкан. Ошондо көпчүлүк элдер Султан Ибраимовго батасын беришкен. Ага чейин эл Көк-Арт ашуусу аркылуу ат менен каттачу. Бул түндүк-түштүктү байланыштырган байыркы жол. Мен дагы атам менен ашкамын, аябай кыйналганбыз. Азыр С. Ибраимовдун ошол тилеги ишке ашып, Түндүк-Түштүктү бириктирген заңгыраган жаңы жол курулуп калды, баягы аскалардан туннел аркылуу өтүп жатышат. Эми, Тогуз-Торонун жаратылышы айтып бүткүс ажайып. Бала кезден жакшы билемин. Эми бул жаңы жол менен далай жүргүнчү тамшанып өтөөрү анык.

(Уландысы бар)

 

Мурунку макалаМелис ТУРГАНБАЕВ: “Балбандарыбыз үмүттү актады”
Кийинки макалаБир убакта кутулгандар, эми тутулууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз