Башкы бетке Илим Мелис ТУРГАНБАЕВ: “Балбандарыбыз үмүттү актады”

Мелис ТУРГАНБАЕВ: “Балбандарыбыз үмүттү актады”

0
447

Олимпиадалык оюндарга спорттук күрөш боюнча өлкөбүздүн тандалган балбандарын жетектеп барган өлкөнүн бириккен спорттук күрөш  федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен маек.

– Мелис мырза, канча  байгелүү орунга жетсек деген ниет менен бардыңыздар эле? 

– Күрөштүн үч түрү боюнча – грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн Париж олимпиадасына 18 жолдомо ойнотулган. Эркин күрөштөн эки гана балбаныбыз – Орозобек Токтомамбетов менен Калмира Билимбек кызы бир аз упай менен албай калышты. Бирок, алардын келечеги алдыда. Негизинен он жолдомо алуу менен алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошулдук.

Кудайга шүгүр, жаракатына карабай Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынып, каармандык көрсөттү. Грек-рим күрөшүндө дүйнө жүзүндө аттандаштык күчтүү. Жоламан Шаршенбековдун, Акжол Махмудовдун жана Үзүр Жусупбековдун коло медалы биз үчүн алтынга тете. Ал эми бутунун жаракатына карабай коло байге уткан Айсулуу Тыныбекова акыркы секундаларда атаандашын утуп, баарына өрнөк болду.

Олимпиада оюндарында 6-орунга чейин байгелүү деп саналып, атайын упай берилет. Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу жана Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөштө, атаандаштарына алдырып коюшуп, бешинчи орунду камсыз кылышты. Кудайга шүгүр, балбандарыбыз ишенимди акташты.

Бирок, тилекке каршы, биздин балбандарды негизги атаандаштар катары көрүшүп, аларды талдоого алышып, “окуп”  койгону, ыкмаларына каршы иштешкени көрүнүп турду. Анан дагы Бишкек менен Париждин убакыт айырмасы, климаты, тамак-ашы дагы терс таасирин тийгизди окшойт.

– Айсулуу Тыныбекованын даярдыгы кандай эле?

– Айсулуунун Олимпиадага саналуу айлар калганда бутунан жаракат алып, тизеси бүгүлбөй калып, операция жасалган. Ошондуктан Айсулуу табында болбой, жаракаты толук айыкпай барган. Бирок, мыкты балбан айымдар менен күч сынашты. Анын коло байге үчүн таймашууда 6:0 эсебинде утулуп жатып, беттеш бүтөөргө 23 секунда калганда монгол атаандашын утуп, коло медалды жулуп алганы эрдик да. Ошондуктан анын коло медалы алтынга тете эле болду.

– Айпери менен Эрназардан байгелүү орундарды күткөн элек…

– Экөө тең Токио олимпиадасына катышып, олимпиадалык таймашуулардын таасирин, духун сезип калган такшалган балбандар эле. Айпери быйыл бардык мелдештерде жеңиштерге жетишип, үмүт жандырып турган. Коло медаль үчүн күрөштө кубалык атаандашына алдырып коюп, өкүттө калды.

Эрназардын да баралына келип турган учуру болчу. Алар үчүн Париж олимпиадасы чоң сабак болду. Себептерин эми талдоого алып, кемчиликтерин аныктайбыз.

– Спорттук күрөштүн үч түрү боюнча Кыргызстан   Иран, Япония, АКШ сыяктуу мамлекеттердин катарында туруп,  атаандаштык жаратууда. Мындай деңгээлге жетүү оңой болбосо керек?

– Ооба, бул көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Бүгүнкү күндө кийинки олимпиадалык баскычтарга даярданып жаткан мыкты балбандарыбыз бар. Биздин спорттук күрөш федерациянын биримдиги жакшы, мамлекет жетекчилери тарабынан да колдоо өз деңгээлинде болуп, машыгууларга шарт түзүлүп жатат. Чынында баары келип эле каражат жана колдоого байланыштуу. Каражат маселесин өз убагында чечип турсак иш алдыга жылып, балбандардын чеберчилиги жогорулап, ийгиликтер, дүйнөлүк деңгээлдеги жеңиштер болот. Акыркы эки жылда балбандарыбыз үчүн шарт түзүлүп, дүйнөлүк деңгээлдеги эки чоң ири мелдешти Бишкекте өткөрдүк. Азия чемпионатына жана Азия континенталдык лицензиялык турнирге кырктан ашык мамлекеттен дүйнөнүн, Олимпиаданын чемпиондору келишти. Ошондой деңгээлдеги мелдештерди көргөн уул-кыздарыбыз шыктанып, машыгып жаткандардын саны арбыды.

Эмнеге 7 млн. элибизден 88 млн. калкы бар Иран менен, 129 млн. калкы бар Жапония менен теңтайлашкан балбандар чыгып жатышат. Анткени күрөш кыргыз элинин канында бар, ата-бабаларыбыздын салтын улантып, бул спорттун массалык түрүнө айланып баратат.

Кийинки Олимпиадага азыртан даярдык көрсөк, мындан дагы көбүрєөк жолдомо алганга, байгелүү орундарды багындырууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Көптөн бери айтылып келген ар бир облуска бирден спорт мектебин ачуу демилгеси эми ишке ашканы турат. Учурдагы бийлик бул өңүттө чоң жумуштарды жасап, демилгени колго алып жатат. Президентибиз дагы спортту жакшы түшүнгөндүктөн, ушул чөйрөдө таалим-тарбия алган.

– Олимпиададан кийин анын натыйжаларын талдоого алып, кемчиликтерди жоюуга кандай аракет кыласыздар?

– Олимпиададан кийин каталарды карап, бардыгын талдап туруп, спорттук медицина, фармакология жагына дагы көңүл бурабыз. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да олимпиадалык оюндарды өзү көрүп, жардам берүүгө ниет кылып жатат. Мамлекет, федерация да көп көңүл бөлүп, психологдор, диетологдор менен иштейбиз. Башкача аракеттерди жасайбыз.

Бетти даярдаган Кабыл МАКЕШОВ,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

 

Мурунку макалаЭл арасында, элдин үнүн угуп
Кийинки макалаАкадемик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Суктандырган Султан Ибраимов”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз