Башкы бетке Рубрикасы жок Айбек Молдогазиев Япония элчиси Года Хидэки менен жолугушту

Айбек Молдогазиев Япония элчиси Года Хидэки менен жолугушту

0
551

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы нормативдик-укуктук базаны бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, көп тараптуу жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында жогорку деңгээлде боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар кыргыз-япон мамилелеринде конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн мындан аркы тыгыз кызматташуу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.

Мурунку макалаЖасалма документ жасаган автомектептер аныкталды
Кийинки макалаБүгүн дзюдочу Эрлан Шеров менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз