Башкы бетке Коом “Экспорт” деп жатып, элди унутуп койбосок

“Экспорт” деп жатып, элди унутуп койбосок

0
324

Эсибизде болсо, август айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл картошканын түшүмдүүлүгү былтыркыга караганда жогору экенин билдирген. Министрликтин бул маалыматы боюнча Чүй, Ысык-Көл облустарында түшүмдүүлүк гектарынан 180 центнер экени так көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде Экономика жана коммерция министрлиги Өзбекстандын ири супермаркеттер тармагы менен картошка сатуу боюнча келишим түзүү пландалып жатканын кабарлаган. Ал эми сентябрь айында ЖМКларга Кыргызстандын картошка экспортунун жарымынан көбү коңшу Өзбекстанга багытталары тууралуу маалымат чыккан.

Өзүбүздүн картошка Өзбекстанда арзан

Албетте, көп жылдардан бери багы ачылбай, бир жылы жер төлөлөрдө чирип, айрым убактарда жакшы баада сатылып келген  картошканын минтип сыртка экспорттолуп жатканы дыйкандар үчүн абдан жакшы. Бирок, өлкөбүздө экинчи нан катары эсептелген картошканын баасы кескин көтөрүлүп кетиши кайра эле карапайым калкка кыйынчылык жаратат.

Эске салсак, былтыр Кыргызстан Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга жалпы 42,2 миң тонна картошка экспорттогон. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын апрель айында картошка 23 сом 30 тыйын, жайында 45 сомго чейин чыгып, ноябрь айында 26 сом 50 тыйындан сатылган. Быйыл март айында дүңүнөн 10-12 сомдон, базарларда 18-25 сомдон сатылган картошка быйыл минтип күркүрөгөн күздө 35-40 сомго чыгып отурат. Ошол эле кезде Өзбекстандын базарларында Ысык-Көл, Ноокат картошкасы дүңүнөн 29 сом 64 тыйын, килограммдап 37 сомдон сатылууда. Демек, быйыл кыргыз картошкасынын көбү Өзбекстанга кеткендиктен өзүбүздө баа жогорулап кеткен.

Ушул тапта Кыргызстанда жумурткадан да кичирээк майда картошканын килограммы 18-20 сом болсо, орточо жана чоң картошка дүңүнөн 31 сомдон, килограммдап Ош, Аламүдүн базарларында 30-35 сомдон, супермаркеттерде 35-40 сомдон сатылып жатат. Өзүбүздө өндүрүлгөн экинчи нанды азыр ушундай баа менен сатып алсак, кышында ал 50-60 сомго чыгышы толук мүмкүн. Андыктан, колдо бар ырыстуу  картошкабызды өзбек туугандарга арзан кармата берип, жазында картошка таппай калбаш үчүн азыртан азык-түлүк саясаты туура жүргүзүлүшү керек.

Кымбаттоосуу убактылуубу?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин билдиришинче, быйыл өлкөдө картошка тартыштыгы болбойт. Аталган министрликтин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Турат ИДРИСОВдун билдиришинче, 2024-жылы Кыргызстан боюнча картошка 65 300 гектар жерге эгилген.

“Быйыл картошканын орточо түшүм­дүүлүгү гектарынан 178-180 гектардан айланды. Ошондо өлкө боюнча жалпы 1 млн. 169 миң тонна картошка жыйналды. Анын 750 миң тоннасы ички керектөөгө жумшалса, 150-200 миң тонна кийинки жылкы үрөнгө калат. Калган 250 миң тоннасы ашыкча. Он айдын жыйынтыгы боюнча жалпы 39 миң тонна экспорттолду. Анын ичинен 24 тонна Азербайжанга, Казакстанга 6800 тонна, Россияга 644 тонна, Өзбекстанга  32 300 тонна саттык. Кыскасы, бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүн толук картошка менен камсыз кыла алат. Андыктан сыртка чыгарып жатып өзүбүзгө картошка калбай калат деген туура эмес. Азыр дыйкандардын көбү картошкаларын сактоого киргизип салышкандыктан экинчи нан убактылуу бир аз кымбаттады. Албетте, бул дыйкандарыбызга жакшы. Экинчи жагынан сатып алуучуларга кыйынчылык жаратат”, – дейт ал.

Сатарман, алармандар эмне дешет?

Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштарды эске алганда борбор калаада 1 миллиондон ашык эл бар. Элет жерине салыштырмалуу калаада баары акчага сатылып алынат. Эт, ун азыктары кымбат болгондуктан азыр шаардыктардын негизги тамактарынын бири картошка. “Мисалы, биздин төрт балабыз бар. Жолдошум менен бир үйдө 6 адам жашайбыз. Балдар чоңоюп калгандыктан бир мүшөк ун бир айга араң жетет. Ошону менен бирге эле бир айда бир-эки мүшөк картошка желет. Эки кап картошкаң эле азыр 3000 сом. Аны 12 айга көбөйтсөк 36 миң сомго жакын болот экен. Өзүбүздөн өндүрүлүп жаткан соң өкмөт картошканын баасын карапайым эл үчүн арзандатып берсе жакшы болмок. Угушубузча картошка сыртка көп кетип жатыптыр. Ошондон улам азыр картошка 40 сомго чыгып кетти. Эртең кышында аны 50-60 сомдон кантип сатып жейбиз. Интернеттен карасак башка өлкөлөрдө картошка биздегиден арзан экен”, – дейт Ак-Ордо конушунун тургуну Салкынай Түлөбердиева.

Каарманыбыз айткандай, азыр базарларда түрдүү сорттогу картошкалар бар. Сатармандар өз пайдасын чыгарып алуу үчүн майда, чоңун, ал тургай арасына бирин-экин чириктерин да кошуп сатып жиберишет. Бул боюнча Ош базарындагы аты-жөнүн айткысы келбеген картошка сатуучу аялга кайрылдык. “Биз картошканы ортомчулардан дүңүнөн сатып алабыз. Тааныган ортомчулар жакшы картошкаларды алып келишет. Анда-санда алып келгендер, айрым дыйкандар бизге каптарды “октоп” (арасына чириктерин кошуп) сатып жиберишет. Анын акчасын чыгара албай кээде күйүп калабыз. Азыр алармандар картошканын кымбаттаганына кейип жатышат. Эгер ортомчулар, дыйкандар арзан алып келишсе биз деле арзан сатат элек. Анын үстүнө суукта картошканы сактап, керээлден кечке туруп сатуу бир топ кыйынчылыкты жаратат. Анан биз базар акысын да төлөшүбүз керек”, – дейт ал.

 40 сом элге кымбат

Кыскасы, азыр “Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” болуп турган кез. Бир жылдары мал жебей, ороо-ороо картошкалар турган жеринен чириген учурлар болгон. Эми минтип эл Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканы кенен алып жей албай отурат. Эттин бир килограммы 650-700 сомго чыгып, бир кап казак уну 2300 сом болуп турганда элдин эң көп колдонгону, албетте, картошка болот.

Андыктан биздин соболубузга “Бул суроо менен сиз Айыл чарба министрлигине кайрылганыңыз туура болот, азыркы учурда алар бул темада кененирээк комментарий бере алышат” деп жооп узаткан Антимонополдук жөнгө салуу комитети да жигердүү иштеши керек. Балким, сатармандар айткандай, “Саман өрттөнүптүр десе, Самаркан өрттөнүптүр” кылып ортомчулар картошка экспортун бетке кармап бааны жасалма көтөрүп жатышкандыр.

Муну айтканыбыздын себеби, азыр тыкыр көзөмөл болбогондуктан көбүрөөк муктаждык болгон жерде эле кызыл кулактык өкүм сүрүп жатат. Башкасы го мейли, бирок, үрөнү өзүбүздөн чыгып, багууну аз талап кылган, республиканын бардык аймактарында өскөн картошканын бир килограммы 40 сомго чыгышы бир топ үй-бүлөгө кадимкидей эле таасир этет.

  Мелис СОВЕТ уулу

Мурунку макалаСадыр Жапаров: “Соңку тарыхыбызда шайлоолордон улам 3 жолу төңкөрүш болгон”
Кийинки макалаКөп балалуу энелерге – энелик капитал

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз