Жогорку Кеңештин жыйынында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктиктеги тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү материалдык колдоо максатында энелик капитал төлөп берүү боюнча Президенттин жарлыгы даярдалып жатканын билдирди.
Айтымда, бул демилге үй-бүлө инс-титутун колдоого жана балдардын төрөлүшүнө түрткү берүүгө, ошондой эле өлкөнүн бийик тоолуу жана жетүүгө оор аймактарында жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Ага караганда, 2025-жылдын 1-январынан тарта жетинчи балага бир миллион сом, онунчу балага эки миллион сом берилет. Экинчи окууга чейин төртүнчү, бешинчи, алтынчы, сегизинчи, тогузунчу балдарга канчадан энелик капитал берилери дагы да такталат.
Эске салсак, энелик капитал тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары – УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга жасаган иш сапарынын учурунда алгач жолу сөз кылган.
Айталы, 2023-жылы баш кошуу 6% азайса, ажырашуу 3% көбөйгөн. Ал эми боюнан алдыргандардын саны да 6%га өскөн. Эң башкысы, бойго жеткен улан-кыздар үйлөнбөй картайып баратышат. Бүгүн эң чоң баш оору балдарды үйлөнтүү, кыздарды турмушка берүү.
Анда ал “ар бир үй-бүлөдө 5-6дан бала болушу керектигин, кыз-келиндерибиздин ден соолугу бекем болуп, төрөп-түшүп берсе, мамлекет айлык акыны да, үйдү да, материалдык жардамды да камсыз кылаарын убада кылган.
“Жумуш деп жүрүп үй-бүлөнү унутпагыла. Үй-бүлөсүз, бала-чакасыз келечек болбойт. Сан жагынан кошуналардан артта калып кетпешибиз керек. Көп балалуу болуш керек. Бул тамаша эмес, олуттуу маселе. Мамлекеттин коопсуздугу анын элинин санына жараша болот. Элибиздин саны өсмөйүнчө коопсуздугубузду сактай албай калышыбыз мүмкүн. Дүйнөдө кандай өзгөрүүлөр болуп жатат көрүп жатасыздар. Башка мамлекеттердин элинин саны көп, биздики аз. Олуттуу карайлы. Азыркы учурда мамлекет энелерге, балдарга камкордук кылууга мүмкүнчүлүгү жетип калды. Мектептерди, бала бакчаларды, окуу жайларды салып беребиз. Бардык шарттарды түзүп беребиз. Демек бала-чака көп болушу керек. Президент тапшырма берди, биз эсептеп чыгып жатабыз. Төртүнчү баланы төрөгөн аялдарга 100 миң сом, бешинчи баланы төрөгөн энеге 600 миң сом энелик капитал берилет. Жетинчи баланы төрөгөн эне 1 млн. сом, сегизинчи, тогузунчу баланы төрөгөн эне 1,5 млн. сом, онунчу баланы төрөгөн эне 2 млн. сом энелик капитал алат. Эмне үчүн муну жасап жатабыз? Муну ашып-ташканыбыздан улам эмес, аргасыздан ушул кадамга барып жатабыз. Болгону эскерте кетчү жагдай, бул мамлекеттик колдоо деңиз деңгээлинен 1800 метр бийик тоолуу аймактарда жашагандарга берилет. Бул мамлекеттик программа. Биз саны жагынан 10 млн,15-20 млн. кишини түзгөн мамлекет болушубуз керек. Мына ошондо мамлекет үчүн кабатыр болбосок болот” – деген эле К.Ташиев.
Ошол учурда атайын кызматтын төрагасынын айткандары социалдык түйүндө талкууга түшүп, аны колдогондор көп болгону менен айрымдар: “Көп төрөгүлө дегендик адам укугуна каршы. Ким канча кааласа төрөйт же төрөбөйт. Алтургай үй-бүлө мүчөлөрү да кийлигишкенге акысы жок, бул тек гана жубайлардын же төрөгүсү келген же келбеген аялдын тандоосуна, чечимине байланыштуу. Мен маселен келиндериме же сиңдилериме неге көп төрөдүң же неге төрөбөй жүрөсүң деп бир да жолу айткан эмесмин. Эч кимге “дагы төрө” же “неге балаң жок” деп да айтканга акым жок”, – деп адам укугун бетке кармап чыга калышкан.
Эмнеге энелердин төрөтүнө мамлекет кийлигиши керек, бул адам укугуна каршы дегендер, билип-билбей Жараткандын мыйзамына каршы экенин өздөрү да аңдабай жатышса керек. Себеби, энелик эң сонун сезим. Улуу Жараткан энеге эң сонун керемет нерсени, жаратмандыкты: бала төрөө, киши жаратуу мүмкүнчүлүгүн берген. Бул ар кандай адам укугунан алда канча жогору турат.
Президент “Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет” деп бул багытта саясатты жаңы нукка буруп жатканы да айгине.
Негизинен мындай каршы пикирлерге караганда, колдоолор көп. Себеби, акыркы жылдарда өлкөнүн айрым аймактарында, шаарларында төрөлүү кадимкидей кескин азайып баратат. Экинчиден, демографиялык абалга таасир кылган факторлор да арбын. Айталы, 2023-жылы баш кошуу 6%га азайса, ажырашуу 3%га көбөйгөн. Ал эми боюнан алдыргандардын саны да 6%га өскөн. Эң башкысы, бойго жеткен улан-кыздар үйлөнбөй картайып баратышат. Бүгүн эң чоң баш оору балдарды үйлөнтүү, кыздарды турмушка берүү.
Ал эми, эмнеге энелердин төрөтүнө мамлекет кийлигиши керек, бул адам укугуна каршы дегендер, билип-билбей Жараткандын мыйзамына каршы экенин өздөрү да аңдабай жатышса керек. Себеби, энелик эң сонун сезим. Улуу Жараткан энеге эң сонун керемет нерсени, жаратмандыкты: бала төрөө, киши жаратуу мүмкүнчүлүгүн берген. Бул ар кандай адам укугунан алда канча жогору турат. Бул адамга акыл-эс, ден соолук бергендей эле нерсе.
Ымыркай түйүлдүк болуп түйүлөт, жаралат. Жарыкка чыгууга умтулат. Демек, ошол түйүлгөн түйүлдүктү жок кылууга эч кимдин акысы жок. А укук деген эмне, ал адамдын ойлоп тапканы, аны адам өзү жокко чыгара да алат.
Мамлекет акыркы жылдарда элибиздин бакубат жашашы үчүн мүмкүн болгон аракеттерин жумшап келет. Алсак, соңку үч жылда Социалдык контракт долбоорунун алкагында дээрлик 31 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилип, бул үчүн 3,1 млрд. сом бөлүнгөнү көп нерсени айтып турбайбы.
Президент “Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет” деп бул багытта саясатты жаңы нукка буруп жатканы да айгине.
2024-жылдын 1-июнунан тартып ар бир томолой жетим балдар үчүн 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилгени эсибизде чыгар.
Демек, өкмөт кадам артынан кадам жасап, мамлекеттин келечегине багытталган иштерди жасап жатат. Андай болгондо, коомчулук бул демилгелерди кош колдоп колдошубуз керек. Бүгүн деңиз деңгээлинен 1800 метр бийик аймактарда жашаган энелерге энелик капитал берилсе, буюрса жакынкы жылдарда деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жашаган энелерге да энелик капитал берилип калаар…


