Башкы бетке Дүйнө Орусияда жаңылыштык менен жумушчуларга 100 эсе көп маяна которуп алышкан

Орусияда жаңылыштык менен жумушчуларга 100 эсе көп маяна которуп алышкан

0
19

Челябинск заводдорунун биринде жумушчуларга жаңылыштык менен кадимки маянадан 100 эсе көп маяна которуп алышкан.

Ишкананын кызматкерлери адаттагыдай 50-80 миң рублдин ордуна эмгек акы карталарына 5-8 миллион рубль алышкан. Көрсө, эсепчи кокусунан айлыкка 2 нөл кошуп койгон. Эсепчи дароо жетекчилер менен байланышып, абалды билдирген. Бирок эсепке түшкөн акчаны башка жакка коротууга үлгүргөндөр да болгон.

Юристтер белгилегендей, кызматкерлер акчаны кайтарбай коюшу да мүмкүн. «Жумушчулар заводго каражаттарды кайтаруудан баш тарткан учурда сотко кайрылып, бул эсептелген ката болгонун далилдеши керек болот. Албетте, жумуш берүүчү жеңишке жетиши мүмкүн. Бирок сот процесси Жогорку сотко чейин бардык инстанциялардан өтүп, узак убакытка созулушу мүмкүн», — деди юрист.

Мурунку макалаКоргоо министрлигинин кампасындагы 4 миллион сомдук материалдык баалуулуктар уурдалган
Кийинки макалаБеш облуста тогуз айылдын аты өзгөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз