Башкы бетке Рубрикасы жок Суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер мораторийдин таасиринен чыгарылат

Суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер мораторийдин таасиринен чыгарылат

0
25

Президент Садыр Жапаров “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилүүдө, анда аталган мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөрдү алып салуу каралган.

Көрсөтүлгөн мораторий сугат айдоо жерлерин менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттык сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт.

Мындан тышкары, мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 8-пункту ага ылайык редакцияда баяндалып, мораторийдин таасиринен суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер чыгарылат.

Мурунку макалаКыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд. долларды түздү
Кийинки макалаМамкызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүнө талаптарды белгилөө сунушталууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз