Башкы бетке Экономика Кыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд. долларды түздү

Кыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд. долларды түздү

0
36

Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7%га көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3%га өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,8%га төмөндөдү.

2024-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1%га көбөйдү.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга — 71,2% жана Казакстанга — 26,9% туура келди.

Мурунку макалаКыргызстанда 2021-жылдан бери ишкерлерге 8,4 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди
Кийинки макалаСуу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер мораторийдин таасиринен чыгарылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз