Башкы бетке Рубрикасы жок Айгүл Айдарова: «Мадумаров чокту Масалиевдин колу менен кармады»

Айгүл Айдарова: «Мадумаров чокту Масалиевдин колу менен кармады»

0
1336

Кечээ Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы депутат Айгүл Айдарованы жыйындарга катышкан эмес деген кине менен фракциядан чыгаргандыгын Исхак Масалиев билдирген эле.

Мындай маалыматтан кийин Айгүл Айдарова Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Депутат жыйындарга катышпайт деген жүйө негизсиз экенин айтат.

«Урматтуу элим! Мени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарганы эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз. Биринчиден, мандат алып иштеген күндөн баштап 4 эле жолу фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап, фракция жыйынында айтып берди.

Фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да ирет козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай «былыктары» бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет, эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам», — дейт ал.

Мурунку макалаН.Шакиев Азербайжандагы Физули жана Шуша шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты
Кийинки макалаТогуз-Тородогу «Кан-Ачуу» жаратылыш паркынын имараты мыйзамсыз салынган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз