Башкы бетке Коом Улуттук банк микрокредиттик компанияга жана эки жаранга айып салды. Себептери

Улуттук банк микрокредиттик компанияга жана эки жаранга айып салды. Себептери

0
346

Улуттук банк Бишкекте бир микрокредиттик компанияга жана эки жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, анын ичинен:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

2. Бишкек шаарында Улуттук банктан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Ш.у.Р. аттуу КР жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

3. Бишкек шаарында Улуттук банктан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мурунку макалаКыргыз-америка кызматташтыгынын бир катар маселелери талкууланды
Кийинки макалаАкылбек Жапаров «Кыргыз Республикасын тыңдайбыз» мониторингинин акыркы маалыматтарын берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз