Башкы бетке Экономика ТМУ: Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

ТМУ: Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

0
514

Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Банктан билдиришкендей, меморандумга Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү борбордук банктардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында биргелешкен консультацияларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

Мурунку макалаСак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
Кийинки макалаЖергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз