Башкы бетке Рубрикасы жок Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу талкууланды

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу талкууланды

0
491

Бишкекте жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча кеңешмеге БШКнын төрагасынын орун басары төрагалык кылып, мэриянын жана райондук администрациялардын аппарат жетекчилери жана МАБ башчылары менен биргеликте 17-ноябрга белгиленген шайлоо процессине даярдык көрүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү маселеси талкууланды.

БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Караколдогу 27 шайлоо участкалары иштеп жатканын маалымдады.

Боршайком өкүлү ошондой эле tizme.gov.kg сайтында “шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук арыз калтыруу мүмкүнчүлүгүн эскертти.

Мурунку макалаТМУ: Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду
Кийинки макалаАсеин Исаев Кореянын тышкы иштер министри менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз