Башкы бетке Коом Эң жакшы үгүт – лидердин жеке мисалы

Эң жакшы үгүт – лидердин жеке мисалы

0
355

Адатта адамдар лидерлерге карата түздөлүшөт эмеспи. Мына ошондуктан, өзгөчө мамлекет башчылар улут лидерлери катарында сөзү менен эле эмес, жүрүм-туруму, ар бир жоругу менен да өз өлкөлөрүндөгү башка адамдарга үлгү болуп калууга тийиш.

Мына ушундай үлгүлүү жоруктары менен тарыхта калган мамлекет лидерлеринин арасында Түштүк Кореянын улуу реформатор президенти Пак Чон Хи бар. Ал реформаларды жүргүзүү менен корейлерди жакырчылыктан алып чыкты жана Түштүк Кореяны өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошо алды.

Анын үлгү болчу бир адаты – ошол кездеги өлкөдөгү кыйынчылыкты эске алуу менен жеке турмушунда сарамжалдуулуктун үлгүсүн көрсөтүү үчүн кабинетиндеги кондиционерди да иштетчү эмес экен. Албетте, башка адамдарды кабыл алып, же кеңешме өткөрүп жаткандагыны эске албаганда.

А биздин бир президентибиз өзүнүн ден соолугунун чыңдыгын көрсөтүү үчүн жайкы ысыкта отурумдарды өткөзүп жатканда, кондиционерди өтө катуу иштетип, жыйындар залын ашкере муздатып алып, сырттан ысыктан келген жетекчилердин чүчкүрүп-бышкыра баштаганын да көргөм.

Пак Чон Хинин жакындарын жана үй-бүлө мүчөлөрүн коррупцияга аралаштырбай кармаганы да үлгү болоорлук.

Бир нече жыл мурда Түркиянын лидери Реджеп Тайип Эрдоган Евросоюздун бир жыйынынан кийин жалпы сүрөткө түшүү убагында мамлекеттердин лидерлеринин ордуларын аныктоо үчүн жерге төшөлүп коюлган туулардын арасынан Түркиянын туусун ала коюп, тазалап, төш чөнтөгүнө кастарлап салып алганы Ютубда жүрөт. Муну менен ал өз мамлекетинин символдорунун бирине – Туусуна кандай мамиле жасоо керектигин көрсөттү.

Дароо айта кетсек, башка лидерлер өлкөлөрүнүн тууларынын үстүнө туруп алып (тебелеп) сүрөткө түшүштү.

Кечээ жакында Президентибиз Садыр Жапаров жарандарыбыз туш келди ыргыткан таштандыларды көрүп калып, сөз менен гана нааразычылыгын билдирбестен, аларды чогултуу менен үлгү көрсөттү.

Ырас, мындай башкалар таштаган таштандыларды чогултуп койгон катардагы адамдар көп эле (арасында мен да бармын). Бирок, жөнөкөй адамдардын үлгүсү башка, а мамлекеттин лидериники башка эмеспи. Мүмкүн, эми айрым жарандарыбыз уятына келишип, таштандыларды туш келген жерге таштабай калышаттыр?..

Баса, Мамлекет башчыбыз байлыгын (мүлктөрүн) легалдаштыруу боюнча да өзү жол баштап берди.

2023-жылдын 9-июнунан баштап “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мупапыс берүү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген. Мыйзам менен активдерди ыктыярдуу декларациялоого 12 ай, башкача айтканда, быйыл 9-июнга чейин мөөнөт берилген.

Быйыл февраль айында Президент С.Жапаров байлыкты ачыктоо жагынан өзү үлгү көрсөтүү менен 20 миллион долларлык мүлкүн легалдаштырып, тиешелүү салыктарын төлөп, башка оокаттуу жарандарды да менчик байлыктарын ачыктоого чакырган.

Мамлекет башчысынын мындай жеке мисалы түрткү берип, учурда мүлктөрүн легалдаштырууга умтулган жарандар көп болуп жаткандыктан, быйыл 6-июлда Жогорку Кеңеш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен активдерди ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтүн быйылкы жылдын аягына чейин узарткан.

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Исабековдун берген маалыматына ылайык, 14-майга карата 73 жарандын ар бири 100 миллион сомдон ашкан активдерин легалдаштыруу менен 1 миллион сомдон белгиленген салыкты төлөшкөн. Активдер 100 миллион сомго жетпесе, салык төлөнбөйт.

А эң башкысы – легалдаштырылгандан кийин, ал жарандарга салык жана укук коргоо органдары тарабынан активдердин кайдан табылганы боюнча суроо жаралбайт. Легалдаштыруу декларанттар үчүн шарттарды жакшыртуу менен көмүскө экономиканын көлөмүн азайтат, активдердин сакталуусунун кепилдигин камсыздайт.

Бул өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө да оң таасирин тийгизмекчи.

Коррупция менен күрөшүү демекчи, Президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бул күрөштө тууган-туушкандарын калкалашкан жок. Ушунусу менен алар мурдагы мамлекет башчылары менен алардын соратниктеринен айырмаланышты.

Эске сала кетсек, мурдагы президенттер бийликте турушканда үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакындарынын коррупцияга аралашкандарын карандай танып келишпеди беле! А алар бийликтен түшкөндөн кийин жакындарынын жана бала-чакаларынын коррупциялык иштери ачыкка чыгып, өздөрү өлкөгө келе албай жүрүшпөйбү!

Демек, алардын коррупциялашканы жөнүндө мындан артык дагы кандай далил болмок.

Мисал үчүн айтсак, өзү бийликке келгенге чейин коррупциялашкан мамлекет катарында таанылган Сингапурду 1959-жылдан 1990-жылга чейин башкарган, жөн гана башкарбастан, аны эң ачык жана коррупциядан эркин мамлекетке айланткан Ли Куан Ю коррупцияга аралашкан жакын адамдарын аяган эмес.

Натыйжада Сингапурду дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин бирине айландыра алды жана өзү дүйнөлүк таанылган лидерлердин катарында калды.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макала№7 троллейбустун схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү
Кийинки макалаОңдоп бүтө электе ойрондото баштагандар

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз