Башкы бетке Рубрикасы жок Кеминде «Терек-Таш» клинкер ишканасы ачылды

Кеминде «Терек-Таш» клинкер ишканасы ачылды

0
359

30-августта Чүй облусунун Кемин районунда өлкөдөгү эң ири завод «Терек-Таш» клинкер ишканасы ачылды. Муну менен бирге дагы 99 объекттин ачылышына старт берилип, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчы алгач Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин курулушун белгилеп, тарыхка учкай токтолду. Ошондой эле өмүрүн тобокелге салып Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзгөн аталарды эскерип, өлкөнүн жетишкендиктерин белгиледи.

Атай кетсек, Кеминдеги «Терек-Таш» клинкер заводун куруу долбоору 2022-жылы башталып, анын сметалык баасы 160 млн долларды түзгөн. Долбоордун уникалдуулугу — экологиялык жактан бардык талаптар сакталган. Заводдун кубаттуулугу жылына 1 млн 200 миң тонна клинкер чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мурунку макалаПрезидент Чүй облусун жана Кара-Балта шаарын өнүктүрүү планы менен таанышты
Кийинки макалаСадыр Жапаров: “Ынтымак Ордо” – кубаттуу Кыргызстандын негизги учурларын чагылдырат»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз